Биз менен байланышыңыз

Жамангулов: Жарандар «МegaPay» аркылуу салык, айып пул төлөй алышат

Кыска кабар | 16 Авг 2019 | 634 | 0

«Мегаком» компаниясынын «MegaPay» тиркемеси 70тен ашуун кызматтар үчүн төлөмдөрдү кабыл алат. Бул тууралуу аталган компаниянын директору Акылбек Жамангулов маалымат жыйында билдирди. Анда 2018-жылы мамлекеттик кызматтар үчүн да төлөм жүргүзүү ишке киргизилгенин маалымдады.
Колдонуучу тиркеме аркылуу транспорттук каражатка салык төлөп, жол эрежесин бузгандагы айыппулду текшерип жана төлөй алат. Ошондой эле эреже бузулгандыгын тастыктаган сүрөттөрдү көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

-Учурда Ош жана Бишкек шаарындагы ар кандай коммуналдык төлөмдөрдү онлайн режиминде төлөө шартын иштеп жатабыз. Анда жаран тиркеме аркылуу эле ар кандай төлөмдөрдү жасай алат,-деди Жамангулов.

Copyright © 2017 Maral FM