Биз менен байланышыңыз

«Мегакомго» жаңы жетекчи келди

Кыска кабар | 20 Авг 2020 | 858 | 0

«Альфа Телеком» мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин милдетин Абдулда Суранчиев аткара баштады.

Суранчиев 2013-2014-жылдары ички иштер министри болгон. Акыркы жылдары «Альфа Телеком» компаниясынын башкы директорунун биринчи орун басары болчу.

«Мегакомду» 2018-жылдан бери башкарып келаткан Акылбек Жамангулов шайлоого аттангандыктан кызматын тапшырды.

Ал парламенттик шайлоого «Биримдик» партиясынын курамында барат.

 

Copyright © 2017 Maral FM