Биз менен байланышыңыз

Эл аралык трафик уурдаган топ кармалды

Кыска кабар | 15 Фев 2019 | 656 | 0

Эл аралык трафик уурдаган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, атайын жабдыктарды жана абоненттик номерлерди колдонуу менен «Альфа Телекомго» (MegaCom) эл аралык трафикти мыйзамсыз жеткирген факты аныкталды.

Кылмыштуу топ жабдыктын жардамы менен бир нече ай ичинде жергиликтүү байланыш операторлордун трафигин мыйзамсыз колдонуп, эл аралык байланышты камсыз кылып келген.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул мыйзамсыз иштердин уюштуруучулары «У.М.М.», «У.Б.К», «А.Б.А», жана аларга тиешеси бар деген шек менен MegaCom’дун кызматкери «Н.О.Т»., аттуу жаран кармалды.

Белгилей кетсек, сотко чейинки териштирүүнүн негизинде Бишкек шаарынын 4 жеринде тинтүү жүргүзүлүп, 4 даана атайын (GSM) жабдыктары, 5 даана «SIMBOX», «Альфа Телеком» жана «Скаймобайл» операторлорунун 3 миңдей сим-карталары табылган.

Азыркы убакта «Альфа Телеком» жана «Скаймобайл» операторлоруна келтирилген зыян такталып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM