Биз менен байланышыңыз

Нигерияда 200 мектеп окуучусун уурдап кетишти

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Дек 2020 | 719 | 0

Нигериянын Канкара шаарында куралчан кишилер мектепти басып алып, жүздөгөн балдарды уурдап кетти. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, аталган мектепте 800 окуучу билим алат. Кол салуу учурунда 400 окуучуну сактап калууга жетишкен.

Өткөн жума күнү куралчан кишилер шаардын көчөлөрүндө ок чыгарып жүргөндө күч органдары аларды кармоого аракет кылышкан. Бирок бир нечеси Government Science Secondary School деп аталган мектепке чабуул коюп, имаратты аткылашкан.

-Андан кийин имаратка кирип, балдарды алып кетишкен. Полиция кызматкерлери 200 баланы куткарганга жетишкен. Ал эми өздөрү качып кеткен окуучулар токойго түнөп, учурда баш-аягы 406 бала табылды», — деп айтылат маалыматта.

Нигериянын баардык аймактарында мектептер жабылып, өлкө президенти Мухаммад Бухари жоголгон балдарды жана аларды уурдагандарды табуу тапшырмасын койду.

Азыркы тапта полиция мектеп жетекчилиги менен биргеликте жоголгон балдардын санын тактоодо.

Copyright © 2017 Maral FM