Биз менен байланышыңыз

Ошто дүкөндөрдөн акча уурдаган деп шектелген жаран кармалды

Кыска кабар | 2 Июн 2019 | 617 | 0

Ош облусунун Өзгөн шаарында дүкөндөрдөн акчаларды жана товарларды уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин милицияга акчалары, товарлары уурдалгандардан көптөгөн кайрылуулар болгон.

Мындан улам, ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүп, райондун Жылалды айылынын 22 жаштагы тургуну шектүү катары кармалган. Учурда Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Шектүү жалпысына 135 миң сомдон ашык акча жана товарларды уурдаганы айтылууда.

Бул окуя кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Copyright © 2017 Maral FM