Биз менен байланышыңыз

Баткенде таза суу кудуктарынын темир капкактарын уурдаган шектүү кармалды

Кыска кабар | 24 Апр 2019 | 793 | 0

Баткенде таза суу кудуктарын жапкан темир капкактарды уурдаган шектүү кармалды.

Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди. Анын айтымында, Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагынын Бужум айылында жайгашкан таза суу топтолуучу кудуктун 21 даана темир капкагы 15-апрель күнү түн ичинде белгисиз атуулдар тарабынан уурдалып кеткен.

Баткен райондук Ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери тарабынан кылмыш изи сууй электе Баткен шаарынын 41 жаштагы тургунун үйүнөн кудуктун капкактарын таап, аныктап кармашкан.
Азыркы күндө бул уурулук фактысы боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM