Биз менен байланышыңыз

Орусияда досунун акчасын уурдаган кыргызстандык кармалды

Кыска кабар | 17 Июл 2019 | 815 | 0

Орусияда мекендешинин ири өлчөмдөгү акчасын жана мобилдик телефонун уурдаган кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Gorod48.RU маалымат булагы жазды.

Окуя Липецк вокзалында кечээ болгонун Орусиянын Ички иштер министрлигинин Елец райондук полиция бөлүмү билдирген.

Окуяга катышкан кыргызстандыктардын аты-жөнү айтыла элек.

Алар бири экинчисинин 120 миң рубль акчасын жана мобилдик телефонун уурдап кеткен. Орусия жарандыгын алган кыргызстандык Орусияга иш издеп барган досу менен сүйлөшүп, аны жумушка орноштурмак болот. Экөө эртең менен Липецк вокзалынан жолугушат.

«Эки кыргызстандык Липецк вокзалында жолугат. Алардын бири экинчисине акча салган капчыгы менен мобилдик телефонун калтырып коюп, аз убакытка башка жакка кетет. Келсе шериги бардык аманаттарды алган бойдон ордунда жок болот», — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматтарга ылайык, алар жашынан Бишкекте бирге өскөн тааныш достор болушкан. Бири аталган шаарга мурдараак барып, ошол жактан үйлөнүп, Орусиянын жарандыгын алган.

Полиция шектүүнү колго түшүрүп, Орусиянын Кылмыш кодексинин 158 беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM