Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: Чиркөөнүн мүлкүн уурдаган жаран колго түштү

Кыска кабар | 19 Июн 2019 | 598 | 0

Түп районундагы православ чиркөөсүнүн буюмдарын уурдап кеткен жаран кечээ, 18-июнда кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 25-майында Түп райондук Ички иштер бөлүмүнө арыз түшкөн. Анда 24-майдан 25-майга караган түнү Түп айылындагы православ чиркөөсүнүн буюмдары уурдалганы айтылган. Мунун негизинде ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери дароо иликтөөгө алышкан.

Көп өтпөй, Криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлерине Бишкек шаарынын базарларынын биринде чиркөөгө таандык китептерди 2 миң сомдон сатып жатышкандыгы тууралуу маалымдашкан. Мунун негизинде иш жүргүзгөн Ички иштер органын кызматкерлери табылган мүлктөр Түп айылындагы православ чиркөөсүнө таандык экендигин аныкташкан.

Жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары мурда соттолгон Ысык-Көл районунун Темир айылынын 1995-жылы туулган К. у. К. аттуу жараны кармалды.

Болжолдуу маалымат боюнча чиркөөгө он миңдеген чыгым келтирилген. Уурдалган ар бир китептин баасы 30 миң сомду түзөт.

Ал эми уурдалган мүлктүн калган бөлүгү Түп айылынан табылды.

Учурда Түп РИИБинин Тергөө кызматы аталган факты боюнча сотко чейинки иликтөөлөрдү жүргүзүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM