Биз менен байланышыңыз

Догоев: «MegaPay» жылдын аягына чейин 100дөй кызматтын төлөмдөрүн кабыл ала баштайт

Кыска кабар | 16 Авг 2019 | 952 | 0

«Мегаком» компаниясына таандык «MegaPay» тиркемеси 2019-жылдын аягына чейин дагы 100 кызмат боюнча төлөө мүмкүнчүлүгүн түзөт. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш агенттигинин башчысы Дастан Догоев маалымат жыйында айтты. Анда аталган тиркеме аркылуу транспорт каражатына болгон салыкты жана жол эрежесин бузган учурда айып пул төлөө шарты түзүлгөнүн айтты.

-Мен өзүм да бул тиркеме аркылуу салык төлөп көрдүм. Буга 1 мүнөт убакыт кетти. Анда жаран тиркемеге кирип өзүнүн идентификациялык номурун терип кирет да, карыздарын төлөй алат. Төлөгөндүгү тууралуу маалымат тиешелүү органдын базасына барып түшөт. Мында система өзү гана иштейт, ал үчүн атайын бир кызматкер отурбайт. 

Догоев мындай сунуш башка компанияларга да берилгенин, азырынча алгачкы сунуш «Мегаком» компаниясынан түшүп, ишке ашып жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM