Биз менен байланышыңыз

Премьер-министрди кыйын кырдаалга кептеген «КТ Мобайл»

Саясат | 16 мая 2019 | 620 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев үчүн бажасынын уулу чоң көйгөй жаратты. Анткени, «КТ Мобайл» компаниясынын жетекчисинин орун басары Эрназар Иманкадыр уулу өкмөт башчынын бажасынын баласы экендиги ачыкка чыгып, коомдун талкуусуна жем таштады. Бул маселе депутаттарды да тынчсыздандырып, жалпы жыйында да каралды. Кыска убакытта чоң резонанска айланган көйгөй боюнча Мухаммедкалый Абылгазиев өз пикирин билдирип, анда Иманкадыр уулунун кызматтан кетиши керектигин айткан. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Адилет Султаналиев маалымдады.

Биз «Ачык Өкмөт» эл аралык уюмунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиев Премьер-министрдин бажасы экендигин ырастайбыз. Бирок, анын уулу Эрназар «КТ Мобайл» компаниясынын директорунун орун басары экендигин Мухаммедкалый Абылгазиев ушул кезге чейин билген эмес. Бул жагдайда Өкмөт башчы, ал кызматтан кетүүсү керек деп эсептейт. Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик ишмердик жана туугандык мамилелер эч сыйышпайт деген принципти карманат. Бул анын досторуна жана туугандарына жакшы белгилүү.

Мындай билдирүүнүн эртеси күнү, тагыраагы, 16-майда Эрназар Иманкадыр уулунун кызматтан кеткени маалым болду. Бирок Жогорку Кеңештин депутаттары бул маселени көз жаздымда калтыргысы келбей, териштирип чыгуу үчүн депутаттык комиссия түзүштү. Анткени буга чейин «КТ Мобайл» компаниясы «Альфа Телеком» мамлекеттик ишканасы тарабынан 345 млн. сомго каржыланганы, ал жактагы кызматкерлердин айлык маянасынын көптүгү эл өкүлдөрүн тынчсыздандырган болчу. Эми күмөн жараткан жагдайлардын баары иликтенерин комиссиянын мүчөсү, депутат Алмамбет Шыкмаматов айтты.

— Компаниянын кызматкерлеринин алган маяналары чын эле 300 миң сомбу же жокпу? Ошончо көлөмдө болсо, эмне үчүн көп аларын териштиребиз. Өздөрү бюджетке 1 тыйын пайда алып келбей, ишке кире элек компанияга эмнеге көп акча бөлүнөрүн да карайбыз. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жакын тууганы, тагыраагы, бажасынын баласы эмне үчүн иштеди? Өкмөт башчысы эмне үчүн мындай лоббиге барды? Коомчулук айтканга чейин эмнеге териштирген эмес? Ушул суроолорго жооп издейбиз. Менимче, бул иште да күмөндүү жагдайлар көп чыгат.

Шыкмаматов мындан тышкары, премьер-министр өз жакындарын кызматка алып келгенин да сынга алып, моралдык жоопкерчиликти сезиши керектигин эскертти.

Президент Сооронбай Жээнбеков кызматка келгенден бери кландык башкарууга жол бербестигин, туугандарын бийликке аралаштырбай турганын байма-бай айтып келет. Бирок өкмөт башчынын жакындарын кызматка алып келип жатканы бул багытка каршы келерин, ошол себептүү өкмөт башчы саясий маданияттуулукту сактап, отставкага кетишин талап кылгандар да бар. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков: «Премьер-министрдин «бажамдын уулу «МТ Мобайлда» жетекчинин орун басары экенин билчү эмесмин» дегени актанууга да жатпайт, суу кечпейт», — деп эсептейт.

— Абылгазиев да УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдун жолун жолдоп, кызматын тапшырышы керек болчу. Кечирилгис кемчилик кылдым деп, кызматтык иликтөө болуп бүткөнгө чейин эс алып турам десе болмок.

Мындай сындар өкмөттүн жаңы уюлдук компания ачуусуна тоскоол боло алган жок. Бул маалымат 16-майдагы Өкмөттүн жыйынында белгилүү болду. Абылгазиевдин белгилешинче, «Альфа Телеком» менен «КТ Мобайл» жыштыктарды биргелешип колдонуу боюнча кызматташууну улантат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса көрсөткөндөй, ал эки мамлекеттик компаниянын кызматташуу идеясын колдойт, анткени, алар өлкөнү санариптештирүү саясатын илгерилетүүнүн негизги инфратүзүмдүк локомотиви болушу керек. Бул өлкө боюнча, анын ичинде эң алыскы жана жетүү кыйын болгон калктуу аймактарда уюлдук түйүндүн камтуу аймагын кыйла кеңейтип, компаниянын абоненттеринин кызыкчылыгында жогорку ишенимдүү байланышты камсыз кылат. Премьер-министрдин айтымында, бул сыяктуу өнөктөштүк өлкөнүн ири салык төлөөчүлөрүнүн бири болгон «Альфа Телеком»  ЖАКнын кирешелүүлүгүнө оң таасир берет, — деп белгиледи премьер-министрдин маалымат катчысы Адилет Султаналиев.

Бул ишкананын ачылуусу менен «Альфа Телекомдун» кирешеси арта турганын да белгиледи.

Бирок мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиевдин баамында, бул ишкана мамлекет тарабынан ачылбашы керек болчу. Анын ордуна мамлекет өз ишканаларын приватташтырып, өзү эреже, мыйзамдуулукту камсыз кылуу менен алектенгени туура. Мамлекеттик ишканаларда админстративдик ресурстар колдонулуп, ар бийлик өз кызыкчылыгына жараша калчай турганын айтып, төмөнкүлөргө токтолду.

— 30 жылдан берки тажырыйбабызда көрүп турбайбызбы, улам бийлик алмашкан сайын соттошуулар, араздашуулар болуп келет. Ушундан дагы эле сабак албаганыбыз өкүнүчтүү. Мамлекет ишканаларды жеке жактарга берип, өзү шартты түзүү жана аларга мыйзамдуулукту түзүү менен алек болушу керек.

Кошумчалай кетсек, «Кыргызтелеком» мамлекеттик ишканасы 2018-жылдын ноябрь айында өзүнө тиешелүү «КТ Мобайл» жоопкерчилиги чектелген коому менен иштешүү укугу үчүн өлкөдөгү компаниялар арасында тендер жарыялаган. Аукционго «Скай Мобайл» жана «Альфа Телеком» компаниялары катышып, жыйынтыгында «Альфа Телеком» ишканасы утуп чыгат. Жеңип чыккан компания менен «КТ мобайл» компаниясынын ортосунда келишим түзүлөт. Анын негизинде «Альфа Телеком» компаниясы «КТ Мобайл» ишканасына тиешелүү жыштыктарды пайдаланууга мүмкүнчүлүк алган. Ал үчүн «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом бермек. Бүгүнкү күндө аталган сумманын жарымын төлөп берген. Учурда эки ири компаниянын ортосунда пикир келишпестиктер чыккан болчу.

 

Copyright © 2017 Maral FM