Биз менен байланышыңыз

Рысалиев менен Жамангулов бир-бирине доо арыз жазышпайт

Кыска кабар | 30 мая 2019 | 618 | 0

«Ачык Өкмөт» долбоорунун катчылыгынын мурдагы жетекчиси Иманкадыр Рысалиев менен «Альфа Телеком» (Мегаком) ишканасынын башкы директору Акылбек Жамангулов бир-бирине доо арыз жазышпайт. Бул тууралуу Иманкадыр Рысалиев билдирди.

Рысалиев билдиргендей, Акылбек Жамангулов Рысалиев тарабынан коркутуу болгонун расмий айткандан кийин, аталган иш кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, Башкы прокуратура Жамангуловду суракка чакырып, коркутуу боюнча дагы башка далилдер бар-жогун сураган. Ал жок экенин айтып, Рысалиевге карата доо арыз жазбай турганын билдирген. Андан соң Рысалиев да доо арыз жазуудан баш тарткан.

Эске салсак, «КТ Мобайл» ишканасы боюнча «Альфа Телеком» (Мегаком) ишканасынын башкы директору Акылбек Жамангуловго коркутуулар болгонун Жогорку Кеӊеште «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын алгачкы отурумунда депутат Алмамбет Шыкмаматовдун суроосуна жооп берип жатып айткан болчу.

Андан соң, Иманкадыр Рысалиев ошол эле күнү Жаманкуловдун айткандарынын баары жалган экендигин айтып чыккан. Ошондой эле, 18-майда «Ачык Өкмөт» долбоорунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандыгын расмий билдирген.

 

Copyright © 2017 Maral FM