Биз менен байланышыңыз

«Мегаком» Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан аз пайызы бар каражат алды

Кыска кабар | 7 Авг 2019 | 741 | 0

Кыргыз-Орус Өнүктүрүү Фонду менен “Альфа-Телеком” (Мегаком) компаниясы кызматташат. Кечээ буга байланышкан келишимге кол коюлганын аталган фонддон билдирди.

Маалыматка ылайык, фонд тарабынан берилген каражат компанияны заманбап техникалар менен камсыздоого, байланышты жакшыртууга жумшалып, бул иштер Кыргызсанды санариптештирүү жараянын тездетүүгө өбөлгө түзмөкчү.

“Альфа-Телеком” компаниясынын башчысы Акылбек Жамангуловдун айтымында уюлдук компания фонд менен 4% үстөгү бар насыя алууга келишим түзүшкөн.

Мурда компания 18%дык үстөгү менен насыя алып келген экен. Демек, биз улуттук оператор катары бул алына турган каражаттар менен өзүбүздүн кардарларыбыздын байланыш сапатын жакшыртууга, интернетти баардык аймактарда жеткиликтүү таратууга жана өлкөнү санариптештирүүдө чоң мүмкүнчүлүктөргө жол ачтык деп ойлойм”, — дейт Акылбек Жамангулов.

Эске сала кетсек, аталган фонд 4 жылдан бери Кыргызстанда мыкты долбоорлорду каржылап келет.

Copyright © 2017 Maral FM