Биз менен байланышыңыз

Сурабалдиева октябрь окуяларында жабыркагандар менен өкмөт үйүндө жолугушту

Кыска кабар | 8 Дек 2020 | 608 | 0

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева Бишкекте 5-6-октябрдагы окуяларда жабыркагандар менен жолугушту.

Өкмөт үйүндө Сурабалдиевага жолуккан жарандар ден-соолугу, дарылануу жана реабилитациядан өтүү боюнча маселелери, социалдык-экономикалык мүнөздөгү көйгөйлөрү тууралуу айтып беришкен.

Өкмөт аларга колдоо көрсөтүлөрүн билдирүүдө. Сурабалдиева тийиштүү тапшырмалар берилерин айтты.

«Ар бир жабыркаган адамга ден-соолугун көзөмөлдөп, медициналык жардам көрсөтө турган медициналык мекемелерди бекитип беребиз. Өкмөт өз кезегинде бардык маселелерди көзөмөлдөп турат», — деди Элвира Сурабалдиева.

Мамытов октябрь окуяларында жабыркагандар менен жолугушту

Бишкекте 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митингге чыгышкан. Ал массалык башаламандык менен коштолуп, бийлик алмашкан. Эл менен күч түзүмдөрү ортосунда кагылышуу болуп, бир адам каза болгон. Милиция жана жөнөкөй жарандар арасында да жабыркагандар бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM