Биз менен байланышыңыз

Мамытов октябрь окуяларында жабыркагандар менен жолугушту

Кыска кабар | 20 Ноя 2020 | 456 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 20-ноябрда октябрь окуяларында жабыркаган жарандар менен жолугушту. Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, жолугушууга ар кандай даражада жаракат алган жаштар — Рыскелди Табышбек уулу, Талант Бейшеев, Уларбек Нурлан уулу катышты.

Талант Мамытов бийликтин адилетсиз саясатынын аркасында өлкөдө үчүнчү элдик толкундоолор жаралып, ага жарандардын парламенттик шайлоонун жыйынтыгына макул эместиги негизги себеп болгонун менен белгиледи. Ал жарандардын ден соолугу менен өмүрү кайсы гана бийликтен болбосун кымбат турарын айтып, мындай окуялар өлкөдө кайталанбай тургандыгынан үмүт кылды.

Ошондой эле азыркы тапта жарандар өзгөрүүлөрдү күтүп жаткандыктан конституциялык реформа башталганын аайтты.

«Башмыйзамга байланыштуу маселелерге тыкыр мамиле кылуу зарыл. Андыктан коомчулуктун ар кыл чөйрөсүнүн өкүлдөрү кирген кеңири курамдагы Конституциялык кеңешме түзүлдү», — деди Талант Мамытов.

Мамытов октябрь окуяларында жабыркагандарга материалдык жардам көрсөттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM