Биз менен байланышыңыз

Ферганада кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу маселе талкууланууда

Кыска кабар | 8 Дек 2020 | 475 | 0

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Өзбекстандын Фергана шаарында кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн чек арага чектеш облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кеңешинин үчүнчү жыйынына катышууда.

Маалыматка караганда, кеңешмеге кыргыз тараптан Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев, Транспорт жана жол министри Бакыт Бердалиев, Өкмөттүн Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Абсаттар Сыргабаев, Жаныбек Жалалов жана Жарасул Абдураимов, ошондой эле Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев, Экономика министринин орун басары Султан Ахматов катышты.

Жыйында эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, чек ара көйгөйлөрү жана эки тараптуу мамилелердин бардык тармагын активдештирүү маселелери талкууланууда.

Copyright © 2017 Maral FM