Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда вирус эң көп 65 жаштан жогору адамдарга жугууда

Кыска кабар | 8 Дек 2020 | 531 | 0

Кыргызстанда 8-декабрга карата коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 75 миң 690го жетти. Акыркы бир сутка ичинде 295 адам катталды.

Республикалык штаб кабарлагандай, оору эң көп 65 жаштан жогору адамдар арасында катталууда. Башкача айтканда, 100 миң калкка 1560 учур туура келет.

8-декабрга карата COVID-19 илдетинен төрт бейтап каза болду. Анын үчөө Бишкек шаарында, бир учур Ош облусунда катталды.

Өлкөдө коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны 1301ге жетти.

Ооруканаларда 2426 бейтап дарыланып жатат, анын ичинен 106 адамдын абалы өтө оор. 598 бейтаптын абалы оор деп бааланууда, 1687 адам орто оордукта,  35 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Үй шартындагы дарыланууда 3256 бейтап бар.

8-декабрга карата алты медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган, 16 кызматкер сакайды.

COVID-19 илдетин 3986 медик жуктурган, анын 3695и сакайды.

Өлкөдө акыркы суткада COVID-19 илдетинен 473 адам айыгып, бул оорудан сакайгандардын жалпы саны 67 миң 873тү түзүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM