Биз менен байланышыңыз

Финпол: Эсептөө палатасынын инспектору кармалды

Кыска кабар | 8 Дек 2020 | 927 | 1

Эсептөө палатасынын Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары боюнча инспектору А.К. кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы кабарлады.

7-декабрда Ош шаардык соту тарабынан кармалган адам Ош шаарындагы тергөө абагына камакка алынды.

Маалыматтарга караганда, кармалган инспектордун аты-жөнү Кулбак Атабеков.

Финансы полициясы буга чейин ушул иштин алкагында «С.Т.» компаниясынын П.Т. аттуу жетекчисин кармаган.

Ош: Аткаминерлер бюджетке 73,4 млн сом зыян келтиришкен

Ош облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгы аталган жеке компания менен Ош шаарынын Кең-Сай турак жай конушуна кирүү жана айыл ичиндеги жолдорду куруу боюнча келишим түзүп, андан кийин 42,9 миллион сомдон ашык акча которгон.

Бүгүнкү күнгө чейин объект пайдаланууга бериле элек, ал эми аткарылбай калган жумуштун көлөмү болжол менен 13 миллион сомду түзгөн.

Учурда аталган ЖЧКнын кызыкчылыгын коргогон адамдарды аныктоо жана мамлекеттик бюджетке каражаттарды кайтаруу иштери жүрүп жатат.

Ошто бюджеттен акча каражатын уурдоо фактысы аныкталды

Copyright © 2017 Maral FM