Биз менен байланышыңыз

Ош: Аткаминерлер бюджетке 73,4 млн сом зыян келтиришкен

Кыска кабар | 4 Дек 2020 | 401 | 0

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Ош шаарында Кең-Сай конушуна электр кубатын жеткирүүдө бюджеттик каражатты ыйгарып алуу фактысын териштирип жатат.

Финполдун маалыматына караганда, Кең-Сайга электр энергиясын тартуу боюнча Ош облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгы менен «Э» аттуу ачык акционердик коомунун ортосунда 200 млн сомго келишим түзүлгөнү аныкталды.

Башкы аткаруучу компания («Э») келишимдин негизинде, «С.Т.» аталышындагы экинчи компания менен келишим түзөт. Ага ылайык аталган компания жабдууларды жеткирүү жана жалпы курулуш иштерин жүргүзүү милдетин алат.

Аталган компания («С.Т.») 82,6 млн сомго 2 трансформатор жеткирип берет. Бирок бул трансформаторлордун иш жүзүндөгү баасы болжол менен 10 миллион сом деп көрсөтүлгөн.

Ошентип жеткирилген эки трансформатордун наркы дээрлик 8 эсе жогорулатылып, зыяндын суммасы алдын ала 73,4 млн сом болгон.

Финансы полициясынын маалыматы боюнча, «С.Т.» компаниясынын жетекчиси П.Т. аттуу жаран буга чейин башка кылмыш ишинин алкагында камалган. Ал ушул эле Кең-Сай конушуна кирүүчү жана айыл ичиндеги жолдорду курууда бюджеттик каражатты уурдоого айыпталган.

Ошто бюджеттен акча каражатын уурдоо фактысы аныкталды

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM