Биз менен байланышыңыз

Ошто бюджеттен акча каражатын уурдоо фактысы аныкталды

Кыска кабар | 2 Дек 2020 | 479 | 0

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Ош шаардык башкармалыгы «С.Т.» компаниясынын жооптуу адамдарына карата бюджеттен бөлүнгөн акча каражатын уурдоо фактысынын негизинде териштирүү баштады.

Мекеменин маалыматына караганда, Ош облусунун капиталдык курулуш башкармалыгы аталган жоопкерчилиги чектелген коом менен Ош шаарындагы Кең-сай турак жай конушуна кирүүчү жана айыл ичиндеги жолдорду куруу боюнча келишим түзүп, андан кийин 42,9 миллион сомдон ашык акча каражаттарын которгону аныкталды.

Бирок бүгүнкү күндө объект пайдаланууга бериле элек, ал эми аткарылбай калган жумуштун көлөмү жана суммасы 13 миллион сомго жакын болгон.

26-ноябрда Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, аталган ЖЧКнын жетекчиси «П.Т» деген жаран кармалган.

28-ноябрда Ош шаардык соту тарабынан ага арата  тергөө абагына камакка алуу баш коргоо чарасы колдонулган.

Copyright © 2017 Maral FM