Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда коронавирус менен катталгандар 74 миңден ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Дек 2020 | 598 | 0

Бүгүн, 7-декабрга карата Өзбекстанда коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 74 053тү (+149) түздү.  Бул тууралуу өлкөнүн  Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында айтылат.

149 жаңы жагдайдын 105и борбор калаа Ташкентте катталган.

Коронавирус илдетинен жалпы 71 315 (+142) адам айыккан. Бул жалпы ооругандардын 96 пайызын түзөт.

Учурда Өзбекстанда 2127 бейтап стационарда жатат: анын 179у оор абалда, 33ү өтө оор абалда.

Copyright © 2017 Maral FM