Бүгүн, 7-декабрга карата Өзбекстанда коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 74 053тү (+149) түздү. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында айтылат.
149 жаңы жагдайдын 105и борбор калаа Ташкентте катталган.
Коронавирус илдетинен жалпы 71 315 (+142) адам айыккан. Бул жалпы ооругандардын 96 пайызын түзөт.
Учурда Өзбекстанда 2127 бейтап стационарда жатат: анын 179у оор абалда, 33ү өтө оор абалда.