Биз менен байланышыңыз

Эмне үчүн аялдар зомбулукка көп кабылат?

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Дек 2020 | 443 | 0

Кыздарды тарбиялоодогу катачылыктар, аялзатынын каржылык көз карандылыгы да күйөөсүнөн кордук көрүшүнө себеп болот. Мындан сырткары түгөйлөрдүн үй-бүлөлүк маселесине жакындарынын аралашуусу да маселе жаратат. Бул тууралуу Кризистик борборлор ассоциациясынын жетекчиси Толкун Тилекова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, карантин башталгандан бери кризистик борборлорго 2 миңден ашык аял кайрылды. Алар көп учурда зөөкүр күйөөсүнө чара көрүү үчүн милицияга кайрылуу, балага алимент өндүрүү маселелерин көп сурашат.

«Кризистик борборлор каражаттын тартыштыгынан карантинге даяр болбой калды. Ага карабай кайрылгандар психологиялык жардам алып, тамак-аш менен камсыз болду. Аларга кол өнөрчүлүктү, аялзатына ылайык кесиптерди үйрөттүк. Учурда эркектердин ролу кризисте. Кээди жумуш таба албай жатат. Бул да болсо үй-бүлөлүк көйгөйлөргө жол ачат. Эгерде аялда иштөөгө мүмкүнчүлүгү болсо, иштесин», — дейт Тилекова.

Айта кетсе, өлкөдө жалаң айымдар менен иштеген 17 кризистик борбор бар.

Copyright © 2017 Maral FM