Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда катталган үй-бүлөлүк зомбулук фактысын өкмөт көзөмөлгө алды

Кыска кабар | 14 Июн 2020 | 499 | 0

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда катталган үй-бүлөлүк зомбулук фактысын Өкмөт көзөмөлгө алды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө аялды эркектин кордоп жаткан видеосу тараган.

Бул үй-бүлөлүк зомбулук фактысы дүйшөмбү күнү Өкмөткө караштуу аялдар иштери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында каралат.

2012-жылы түзүлгөн Өкмөткө караштуу аялдар иштери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңеш гендердик өнүгүү маселеси боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана жүзөгө ашырууну координациялаган, кеңеш берүүчү  орган болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM