Биз менен байланышыңыз

Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча бекитилген иш-чаралардын планы [тизме]

Кыска кабар | 7 Мар 2020 | 648 | 0

Өкмөт тарабынан Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча кечиктирилгис иш-чаралардын планы бекитилген. Бул милдеттерди ишке ашыруу чаралары 2020-жылдын ичинде аткарылат.

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча кечиктирилгис иш-чаралардын планынын негизги милдеттери төмөнкүлөр:

– Үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо жана координациялык чараларды өркүндөтүү үчүн үй-бүлөлүк зомбулукка ыкчам жооп кайтаруу мыйзамдык чараларын киргизүү;

– Жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоого, үй-бүлөдө зомбулуксуз жана чыр-чатаксыз жүрүм-турумду жайылтууга багытталган үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо чөйрөсүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу;

– Үй-бүлөлүк зомбулук жагдайларын аныктоо;

– Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар үчүн жардам көрсөтүү, зордук көрсөткөндөр менен иштөө. Зомбулуктун алдын алууга, мамлекетитк кризистик борборлорду түзүүгө бөлүнгөн мамлекеттик бюджеттин каражаттарын көбөйтүү каралууда;

–Үй-бүлөдө зомбулук көрсөтүүнү алдын алуу комитеттерин түзүү аркылуу жергиликтүү институционалдык жана координациялоочу механизмдерди өнүктүрүү;

– Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү субъекттердин потенциалын жогорулатуу;

– Үй-бүлөлүк зомбулукка жооп кайтарууну жакшыртуу.

Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча кечиктирилгис иш-чаралардын планын аткарууга тартылган мамлекеттик органдарга аткарылып жаткан иштер тууралуу өкмөттүн аппаратына ай сайын маалымдап туруу тапшырылган.

Бул иш-чараларды аткаруучулар: Башкы прокуратура, Жогорку Сот, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Ички иштер министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар.

Маалыматтарга караганда, Кыргызстандагы айымдардын 50 пайыздан ашыгы гендердик зордук-зомбулукка кабылышат.

Copyright © 2017 Maral FM