Биз менен байланышыңыз

Үй-бүлөлүк зомбулук жасоого шектүү адам 48 саатка чейин кармалат

Кыска кабар | 5 Июн 2020 | 1107 | 0

Үй-бүлөлүк зомбулук жасоого шектүү адам 48 саатка чейин кармалат. Мындай чараны камтыган мыйзам долбооруна президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

«Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзам үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын болтурбоо боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү максатында кабыл алынган.

Өзгөртүүлөргө ылайык, жабырлануучунун жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо максатында үй-бүлөлүк зомбулук жасоого шектүү адамды 48 саатка чейин кармоо чарасы каралган.

Тактап айтканда:

-эгер жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна реалдуу коркунуч бар болсо;

-эгер шектүү мас абалында болсо жана үй-бүлө мүчөлөрү үчүн коркунуч келтирип жатса;

-эгер шектүү жабырлануучуну жана башка үй-бүлө мүчөлөрүн кордоону, аларга коркунуч келтирүүнү, уруп-сабоону, шылдыӊдоону, басмырлоону улантат деп болжогонго мүмкүндүк берүүчү негиздер бар болсо, аны 48 саатка камоого мыйзам жол берет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM