Биз менен байланышыңыз

Алтынай Өмүрбекова үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган баладан кабар алды

Кыска кабар | 10 Мар 2020 | 433 | 0

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып, ооруканада жаткан 9 жашар баладан кабар алды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Дарыгерлердин айтымында, баланын абалы туруктуу-оор. Бала эсине келген.

Алтынай Өмүрбекова баланын тез сакайып кетишин каалап, ыкчам чара көргөн дарыгерлерге ыраазычылык билдирди. Вице-премьер айым, ошондой эле, жапа чеккен балага квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүнү, зарыл болгон дарылар менен камсыздоону жана психологиялык жактан жардам көрсөтүүнү тапшырды. Мамлекеттик тийиштүү органдар тарабынан бардык тийиштүү көмөк көрсөтүлөрүн белгиледи.

Маалыматка ылайык, учурда балага медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Зарыл болгон бардык дары-дармектер менен камсыздалган.

Copyright © 2017 Maral FM