Биз менен байланышыңыз

Атамбаев Батукаев боюнча иш кайра каралганга чейин абакта болот

Кыска кабар | 2 Дек 2020 | 565 | 0

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаев боюнча иш биринчи инстанцияда кайра карала баштаганга чейин абакта болот. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалыматтарында айтылат.

«Иштин материалдары биринчи инстанциядагы сотко беш күн ичинде келип түшүшү керек. Бишкектин Биринчи май райондук соту ишти кайра карай баштаганда, Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч берет, ошондо гана чечилиши мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Жактоочу Замир Жоошев 1-декабрда Атамбаев токтоосуз түрдө абактан бошотулушу керектигин айткан. Себеби 30-ноябрда Жогорку Сот кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу тууралуу Атамбаевге козголгон иш боюнча мурдагы инстанциялардын өкүмдөрүн жокко чыгарып, материалдарды Бишкектин Биринчи май райондук сотунун кайра кароосуна жөнөткөн.

Жактоочунун айтымында, Атамбаевди абакта кармоого негиз калган жок.

«Бүгүн биз Жогорку Соттун чечиминин көчүрмөсүн алдык. Чечим жарыялангандан баштап эле күчүнө кирди. Эми Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Атамбаевди токтоосуз бошотушу керек, анткени мыйзамга ылайык, соттун чечими жок адамды тергөө абагында же колонияда кармоого тыюу салынат. Башка кылмыш иштери боюнча баш коргоо чарасы каралган эмес. Биринчи май райондук сотунан эртең саат 09.00гө чейин жооп беребиз деп айтышты», — деп билдирген Замир Жоошев.

Жапаров: Менин колумда болсо, Атамбаевди үй камагына чыгарып коймокмун

Алмазбек Атамбаев алгач Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайында болчу, быйыл ноябрь айында №47 колонияга которулган.

Copyright © 2017 Maral FM