Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Менин колумда болсо, Атамбаевди үй камагына чыгарып коймокмун

Кыска кабар | 12 Ноя 2020 | 881 | 0

Президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тууралуу пикирин билдирип, аны үй камагына чыгарып коюуну туура көргөнүн айтты. 

 — Алмазбек Атамбаев боюнча оюмду айткам, мен аны үй камагына эле чыгарып турууну сунуш кылгам. Үйдөн эле сотко барып, ошол жерден акталып чыкса дегем. Бирок, сотторго мындай кыл, андай кыл деп айталбайт экем да. Эгерде менин колумда болуп, толук укугум боло турган болсо, мен аны үй камагына чыгарып коет элем. Азыр айта турган болсом, дагы жазып чыгасыңар да, диктатура, бийликти узурпация кылып жатат деп, — деди Жапаров. 

Өкмөт башчы Садыр Жапаров буга чейин Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду үй камагына чыгарууга өзү буйрук бергенин моюндаган. Жарандык коом Жапаровдун андай укугу жок экенин айтып, «бийликти узурпация кылып жатат» деген жүйөө менен социалдык тармактарда нааразычылыгын билдиришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM