Атактуу режиссер Болот Шамшиев тарткан «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» тасмасында «Издеп жүрөм» деп ырдаган күлмүң көз келин кино ышкыбоздорунун баарынын эле эсинде болсо керек. Андагы буралган келин, бүгүнкү кадырлуу чоң эне, кыргыз эстрадасынын туңгуч солисттеринин бири, драма жана опера актрисасы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлсүн Мамашева «Мен жана мезгил» программасына келип, өзүнүн өрнөктүү өмүр жолун эскерип берип кетти.
— Балалыгыңыз кандай өттү?
— Төрөлгөн жерим Аксы районунун Иренжит деген айылы. Кичинекей айыл, бир колхоз болчу. Чоң энем айтып калар эле: «Эки заманды көрдүм: Никелей заманын жана азыркы Совет доорун», — деп. Анын сыңарындай, мен да эки мезгилдин күбөсү болуп калдым. Советтер Союзунун тарбиясын алып, идеологиясына сугарылып, андан кийин бул мезгилге келгенибизге 30 жылдын жүзү болду. Эми олтуруп алып, кээде экөөсүн салыштырып калам. Ал кездеги алган тарбияма ыраазымын, кээде ошол учурду сагынып суусайм.
Балалыгым согуштан кийинки мезгилге туш келди. Катаал мезгилде элдин кандай кыйналганын өз көзүм менен көргөм, баары эсимде. Ошондогу элдин ынсабы, ыйманы, чыдамдуулугу бекем экен. Нааразы болуп, наалыгандарын деле уккан эмесмин. Алты жашта экенимде Сталин каза болду. Айылдын эли дүрбөлөңгө түшүп, кадимкидей аза күтүшкөн. Ал кезде а кишиге сый-урмат, багынуу өтө зор болгон экен. Баса, мен төрөлгөн кезде атам Сталинди түш көрүптүр, ошондон улам мени «Сталиндин кызы» деп койчу. Анан бийликке Брежнев келди. Ошондон тарта жакшы турмуш башталды. Эки эненин тарбиясын алып калдым. Дегеним, кичинемде чоң атамдын үйүндө чоңойдум, а киши башкарма болчу.
— Ал кезде окууга ынтызарлык кандай болгон?
— Байкемди ээрчип жүрүп 6 жашымда мектепке барып алгам. Чынын айтсам, аябай тың болчумун, көп окучумун. 7-классты «эң жакшы» баа менен бүттүм. Ал кезде 4-5 кыздан ырдашчу эле. Мен болсо эч нерседен коркпой жалгыз ырдагам. 2-классымда атам Наманган шаарына барса, окуучу кыздар чачына бантик тагынып жүрүшүптүр. Мага да ала келип, айылдан эң биринчилерден болуп чачымды экиге өрдүрүп, бантик таккам. Райондук маданият үйүнүн деректири дайыма келип, жакшы ырдагандарды концерттерге алып кетчү. Бирок, ата-энем жиберчү эмес. Кыздар үчүн тартип аябай бекем эле. 6-классымда айылда чакан китепкана ачылып, 55 сом айлыкка иштетип коюшту. Түшкө чейин окуйм, андан кийин китепкана иштетем, кечки 5те апама жардам берип, тамеки үзүшөм. Ата-энем деле: «Балалыгынын доорун сүрбөй калды го», — дебей, эмгекке аябай үйрөтүшкөн экен. Бул биз үчүн чоң тарбия болуптур.
— Ошондогу чакан китепкананы иштетүү талантыңызга таасирин берсе керек…
— Мүмкүн. Ал кезде китеп тартыш болчу да. Кокустан жаңы китеп болуп калса, айылыбыз менен тытып окучубуз. Ошол убакта билимге, илимге деген умтулуу аябай чоң болуптур. Акыйкатчыл, ишине тың инсандарды дароо комсомол кылып шайлашчу.
— Чыгармачылыкка алгачкы кадамдар кайсыл жылы башталган?
— 7-классты айылдан аяктап, кийинки жылы Ош облустук кыргыз кыздар интернатына келдим. Дароо 9-класска кабыл алышты. Анткени жакшы окучумун. Ал учурда ар бир бойго жетип калган кыздын кудалаган жери болгон. Айрыкча түштүк тарапта окууну толук аяктагандар чанда эле болчу. Көбүн 7 жылдык мектепти бүткөндөн кийин эле күйөөгө берип жиберишчү. «Мени да турмуш жолуна узатып жибербесин», — деп, мектепти ошол жактан аяктадым.
11-класста экенимде «Түштүк кызы» деген киного тартылуу үчүн конкурска катыштым. Тасма тартуучу топ жактырып, Фрунзеден иштөөгө чакырышты. Барайын десем, ата-энем жибербейт, анан аттестатымды алып, үйдөн качып кеттим. Ажыбекова деген тарбиячы эже менен чогуу борборго келип, туугандарынын үйүнө түнөгөнбүз. Эртең менен эжебиз сиңдисин кошуп, театрга жөнөттү. Келсем орун жок дешти. Колумда беш эле сомум бар. Бара турган үйүм да жок. Сыртка чыгып ыйлап турсам, Ашыр Чокубаев деген актер жаныма басып келип: «Эй, эмне ыйлап атасың?» — деди. Бардыгын түшүндүрүп айтып берсем, «Сени көрдүбү?» — деп сурады. «Кирсем, деректир жок дешти», — дедим. Колумдан жетелеп алып кирип: «Бул кыз түштүк тараптан ата-энесинен качып келиптир. Эми мунун барар жери жок. Кайра бул кызды кабыл алышпайт. Жок дегенде, көрүп койбойсуңарбы? Түштүктөн бул жакка кыздар келбейт да», — деди.
Карасам, Даркүл Күйүкова, Жамал Сейдакматова, Муратбек Рыскулов, Арсен Өмүралиев, Ашыралы Боталиев, Бакен Кыдыкеевалар олтурушкан экен. «Ырдай аласыңбы?» — дешти. Актрисалыкты көздөп келгендиктен, «Ажардын» монологун айтып берейинби?» — дедим. Бир маалда монологду айтып жатып, өпкө- өпкөмө батпай ыйлап, айтып бүткөндөн кийин да токтоно албай калдым. Кимдир бирөө суу берди. Өпкөмдү басып, элди карасам, эркектер кошо ыйлап жатыптыр. Анан Ашыралы Боталиев: «Мен байларга малай болуп, далай запкы жегем. Ошондо да көзүмдөн бир тамчы жаш чыккан эмес. Бул кыз мени ыйлатты, чоң актриса болот», — деди. Жумушка кабыл алынып, Кыргыз мамлекеттик драма театрында иштеп калдым. Ошону менен эч кимге айтпай жүрө берип, ата-энемдин алдына бир балалуу болгондон кийин жубайым, кайындарым менен чогуу барганбыз. Ошондо гана мени кабыл алышты. Кийин ата- энем: «Ой тобо, артистерде да үй болот экен», — деп калышчу (күлүп). Алардын жашоосун көргөндөн кийин мени түшүнүп, сыймыктанып калышкан.
— Чыгармачылык менен үй-бүлөнү бирдей алып кетүү оор болсо керек?
— Ал кезде дайыма гастролдоп, дөңгөлөк үстүндө жүрчүбүз. Үй-бүлөнү бирдей алып кетүү чоң түйшүк болчу. Балдарыбыз туугандардын колунда чоңоюшту. Жетишпей жатам же аябай иштеп жатам деп наалыбай, наамдарга чуркабай, элдин кол чабуусуна гана маашырканып иштечү экенбиз. Менин мезгилим ошондой болгон. Ал эми азыркы мезгил таптакыр башка. Бири-бирине коошпойт.
— Кыргыздын аялзатында кандай сапаттар болуш керек?
— Мен кыргыз аялзатына аябай суктанам. 2010-жылдагы коогалаң аябай таасир берген. «Ушинтип эле жок болуп кетебизби?» — деп депрессияга түшкөм. Кийин Меккеге ажылыкка барып, бардык мусулман аялдарды көрдүм. «Баары бир кыргыздын аялзатына эч кимиси жетпейт экен», — деген тыянакка келгем. Негизи, биздин түпкүлүгүбүз абдан туура жолдо келген. Аялзат сонун сапаттарга ээ: чыдамдуу, наздуу, барктуу, нускалуу, өзүн бардык жерде бийик алып жүрөт.
— Эки доорду көргөн инсан катары айта кетсеңиз, учурдагы маданият тармагына кандай баа бересиз?
— Азыр бир нерсе деп айткандан чочулайсың. Мен өзүмдүн ордум менен болгонду жакшы көрөм. Бир гана тилегим: балдардан кагуу жебеген карылыкты күтөм.
— Ар бир инсан кичи мекенин өзгөчө сагынат. Азыр бир саамга сиз менен чогуу айылыңызга сапар алсак…
— Албетте, ар бир кишинин төрөлгөн жеринде тамыры болот. Улам барып, ал тамырга суу куюп туруу керек. Ата-энемдин көзү өтүп кетти. Бала кезде көргөн кишилердин көбү жок. Туугандарыбыздын көпчүлүгү шаарда. Бирок, ага карабастан, сагынычымды таркатуу үчүн айылыма барып турам. Тентек кыялымды көтөргөн эки жеңем бар, аман болушсун.
— Жубайыңыз Бообек Ибраев да атактуу режиссер болгонун билебиз…
— Искусстводо режиссерлордун орду абдан чоң. Сахнага ар бир спектаклди алып чыгуу оор. Негизи, театралдык режиссерлор көп аталбайт. Анан экөөбүз бири-бирибизге чыдап жашадык. 2000-жылы каза болуп калды. Ал учурда балдардын эрезеге жете электери бар эле. Баарын эрезеге жеткирип, турмуштан өз ордун табуусуна жардам бердим. Эми айта берсем, менде көп эрдик бар.