Биз менен байланышыңыз

Текебаев менен Чотоновдун ишин кароо 3-декабрда уланат

Кыска кабар | 1 Дек 2020 | 349 | 0

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдордун ишин кайра кароо улантылууда.

Соттун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 30-ноябрдагы отурумда иш материалдарын изилдөө уланды. Жумуш күнү аяктагандыктан соттук отурум 3-декабрга жылдырылды.

Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы февраль айында кармалган. Алар, 2010-жылы Россиянын жараны Леонид Маевскийден «MegaCom» мобилдик операторунун акцияларын сатып алууга жардам көрсөтүү максатында 1 млн доллар алган деген шек менен кармалган.

Буга чейин райондук жана шаардык сот Текебаев менен Чотоновду эркинен ажыраткан. Ошондой эле алардын мүлкү да камакка алынган. Кийин Жогорку Сот бул чечимдерди күчүндө калтырган.

2019-жылдын 21-августунда Жогорку сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти кайрадан карап чыгуу өтүнүчүн жактырып, 29-августта алар үй камагына чыгарылган.

Өмүрбек Текебаев 15-октябрда депутаттык мандат алган. Кийин соттун чечими менен кайра мандатынан ажыратылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM