Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы сот системасына Даниянын үлгүсүн алуу каралууда

Кыска кабар | 30 Ноя 2020 | 472 | 0

Кыргызстандын сот системасын реформалоодо Дания өлкөсүнүн үлгүсүн алуу мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Конституциялык кеңешменин мүчөсү Аблабек Асанканов билдирди.

Анын айтымында, Дания сот системасы эң мыкты деп таанылган өлкө. Анда сотторду дайындоого президент аралашпайт. Президент, парламент жана сот көз карандысыз иштейт. Кыргызстанга да ушундай система киргизүү керек.

«Дания, Норвегия, Финляндия жана Швециянын сот системасын окуп чыктым. Сот абсолюттук болбосо да, көз карандысыз болушу керек. Данияда сот системасы эң мыкты деп таанылат. Биз да Кыргызстандагы системаны Дания өлкөсүндөй кылууну карап жатабыз», — деди ал.

Асанканов соттордун арасында көз карандысыз болууну каалабагандар да барлыгын, президенттин көзүн караганга көнүп калгандар да арбын экенин айтууда.

Өлкөдө Конститициялык кеңешме 20-ноябрда түзүлгөн. Ал Башмыйзамдын жаңы долбоорундагы сунуштардын оң-терс жактарын талкуулап жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM