Биз менен байланышыңыз

Депутат: Карантин болбогондон кийин мектептерди ачуу керек

Кыска кабар | 26 Ноя 2020 | 714 | 0

Депутат Дастан Бекешев мектептерди ачуу маселесин көтөрдү. Ал Жогорку Кеңештин 26-ноябрдагы жыйынында «ар кандай маселелер саатында» окууну стандарт режимге өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү.

Депутат азыркы күндө мектептерден тышкары, бардык коомдук жайлар иштеп жатканын ачык айтуу керектигин, бирок мектептердин иштөөсүнө уруксат бербегендик логикага туура келбей турганын айтууда.

«Көп эле ата-энелер кайрылып жатышат, азыр айырма жок болуп калды деп жатышат. Онлайн окутуу таптакыр болбой жатат, бир топ нааразылыктар бар. Биз мындай бара берсек, балдарыбыз билимсиз болуп калат. Ата-энелер да жумушка бара албай кыйналышты. Бизде карантин болбой калганын ачык эле айтыш керек да, бардык жерде массалык чогулуулар болуп жатпайбы», — деди Бекешев.

Билим берүү жана илим министрлиги 11-ноябрдан тарта 1500дөй мектептин 1-6-9-11-класстарына реалдуу режимде окууга уруксат берген. Бишкек жана Ош шаарларында эпидемиологиялык абал оор болгондуктан, онлайн окуу улантылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM