Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык мугалимдин китеби англис жана түрк тилдерине которулду

КР эл мугалими, педагог Гапыр Мадаминовдун «Акыл эмгегинин маданияты» китеби англис жана түрк тилдерине которулду. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

Маалыматка ылайык, Гапыр Мадаминовдун «Акыл эмгегинин маданияты» аталыштагы китебин түрк тилине Ибрахим Түркхан которгон. Ал эми англис тилине которуу иштерин Эл аралык «Ала-Тоо» университетинин мугалимдер жамааты ишке ашырган.

Китепти түрк тилине которгон Ибрахим Түркхандын айтымында,  «Акыл эмгегинин маданияты» китеби түрк тилинде «Öğrenmeyi Öğrenmek» (Үйрөнүүнү үйрөнүү) деген ат менен кечээ, 24-ноябрда Англияда «CRAB PUBLİSHİNG» басмасынан электрондук китеп болуп жарык көргөн.

«Ушул китеп кыргыз билим берүүсүнүн жана педагогикасынын чоң ийгилиги болушу менен бирге, түрк тилине которулган алгачкы жана жалгыз «өзүн-өзү өнүктүрүү» китеби болушу менен да өзгөчөлөнөт!» — деп жазган Ибрахим Түркхан.

Белгилей кетсек, Гапыр Мадаминов Баткен облусунун Лейлек районундагы №3 экперименталдык-гимназия мектебинин негиздөөчүсү жана директору. Анын окуучулардын өзүн-өзү өнүктүрүүгө багытталган бир канча эмгектери бар. Ошондой эле «Энелер мектеби» долбоору боюнча республиканын аймагын кыдырып, устаттык тажрыйбалары менен да бөлүшүп келет.

Китепти ушул сайттан компьютерге же телефонго көчүрсө болот:

https://www.smashwords.com/books/view/1055721

Гапыр Мадаминовдун бейнеси менен бул жерден тааныша аласыз:

Кичинекей жердеги улуу иш

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM