Биз менен байланышыңыз

Кичинекей жердеги улуу иш

Блог | 2 Ноя 2018 | 725 | 2

Гапыр аганы таанууга акылдуулардын акылы жете элек! Мен муну кесе айттым. Билем орой айттым. Бирок чындык эч качан жумшак, жагымдуу болбойт. Шарты толук кандуу түзүлгөн мектептерде ыйлактаган, кейиген, наалыган мугалимдер көп. Бирок ташка гүл өстүрүп, өз ишин сүйгөн, устат мугалим аз. Элеттеги кичинекей бир мектепте жасалып жаткан жаӊычылдыктар, мугалимдердин ыкласы анан дүйнөгө ачык карай алган көрөгөч адам тууралуу айткым келди бүгүн. «Жакшылыкты ачуучулардан болгула»,- деген эмеспи жакшылар.

1996- жылы тиешелүү тарапка кат жолдоп атып, Баткендеги №3 гимназияны эксперименталдык лабораторияга айланткан Гапыр Мадаминовду эч ким билген да, капарына да алган эмес. Гимназия жакшы окуган балдарга эмес, окууда жетишкендиги төмөн окуучуларга ылайыкташкандыктан ушундай аталган. Кызыгы бүгүн да аны көптөрү биле бербейт. Миӊдеген таштарды жууп олтуруп тапкан алтындын кичинекей күкүмү сыяктанган элеттеги мугалимдин оозунан мен бир да жолу пессимисттик ой уккан жокмун. Айлык аз, шарт жок, мамлекет көӊүл бурбай жатат,- деп ыйлактаган жок ал маек учурунда. Таң калдым.

Жылына 24- 25 бала гимназияны бүтүрсө, бүтүрүүчүлөрдүн дээрлик 100 пайызы ЖОЖдын бюджеттик орундарына өтөт. Жалпы республикалык тестирлөөдөн «Алтын сертификат» алган окуучулар өтө арбын. 1996-жылдан бери гимназияны бүтүргөн 50 чамалуу бүтүрүүчү чет өлкөлөрдө билим алып, иштешет.  Бишкектеги медициналык окуу жайга өз күчү менен өткөн бүтүрүүчүлөрдүн саны 60тан ашык. Жыл сайын Республикалык олимпиададан жок дегенде 1-2 окуучусу жеӊүүчү аталат. Бул маалымат сизге бир ой салдыбы? Бул бир облус, бир район эмес. Бул Баткен аймагындагы Арка айылында жайланышкан №3 эксперименталдык гимназиянын көрсөткүчү гана.

“Марал” радиосуна материал даярдап жатып, Гапыр Мадаминовдун бейнесин ачуу үчүн өтө көп адам менен сүйлөштүм. Алардын ичинен мага өтө таасирдүү маектеш аталаган гимназиянын бүтүрүүчүсү Мухаммед Түркменов болду.

Тулку боюна адеп менен билим сиӊген студенттин ар бир сөзү, дымактуу максаттары Гапыр аганын эмгегин толугу менен чагылдырып турду мага. «Балдар үйдүн сыртты караган экрандары жана үн чоӊойткучтары»,- деген кызык сөз бар. Мухаммед учурда Борбордук Азиядагы Америка университетинде 2- курс. Ал сабакты начар окуган бала болгонун айтат. 8- класска чейин анын сабагын апасы аткарчу. Гимназия аны эӊ алдыӊкы окуучуга айланта алган. Ал англис тилинен олимпиадаларга катышкан. Келечекте өтө чоӊ максаттары бар. “Бул жашоо күрөш эмес, билгенин башкага үйрөтүү, жардамдашуу”,- дейт ал. Гимназия ага тереӊ билим менен катар адам болууну мыкты үйрөткөнүн кошумчалайт.

 

Гимназиянын эӊ негизги артыкчыктары булар:

Өлкөдөгү көпчүлүк билим берүү жайлары негизинен билим берүүгө басым жасайт. Ал эми элеттеги эксперименталдык гимназия «билим+ тарбия» деген ураанды карманат.

Ал жерде иштеген ар бир мугалим кургак, тажатма теорияларды жаттатууну мугалимдик деп түшүнүшпөйт. Алар ар бир окуучунун кабыл алуусуна, жөндөмүнө  жекече мамиле жасоого көнүгүшөт. Буга Гапыр Мадаминовдун «Устаттык өнөрү» деген китеби жардамга келет.

Гимназияда предметтик сабактардан тышкары «Акыл эмгегинин маданияты» деген атайын сабак киргизилген. Бул сабакта окуучулар өзүн-өзү өнүктүүгө толук мүмкүнчүлүктөрү бар. Ошондой эле гимназиянын чет өлкөдө окуп, иштеген бүтүрүүчүлөрү менен тез-тез жолугушуулар уюштурулуп, окуучуларды шыктандыруу аркылуу билим берилет.

Кыргыз билим берүү жайлары «окуучу, ата- эне, мугалим» деген үч бурчтун иш алып баруусу болуп көрбөгөндөй ийгиликтүү болорун билген менен республикада алгылыктуу иш аз. Ал эми Гапыр агай Баткенде «Энелер мектебин» түзүп, апаларды окутууну баштаган. «Эне-окуу жай сыяктуу, акылдуу эне акылдуу балдарды тарбиялайт»,- деген журт жакшыларынын сөзүнө далил бул.

Баарынан кызыгы, «Жаман окуучу болбойт, жаман тарбиялаган мугалим болушу мүмкүн»,- деген гимназиядагы мугалимдер жамааты чыныгы устаттык өнөргө багытталган семинар-тренингдерди уюштуруп, жаӊы келген жаш кадрды өздөрү менен кошо өнүктүрүп кетүүгө милдеттендирилген.

Бул сыяктуу өтө кызык жана өндүрүмдү иштер көп. Биз негизгилерине гана токтолдук. Учурда Кыргызстандагы 2200дөн ашык мектепте болжолдуу 70 000 ге жакын мугалимдер эмгектенет. Бирок алардын канчасы өз ишинин устасы, өз ишинин дыйканы? Мына ушул мени ойго салат…

 

Жазгүл Жамангулова

Жарнама
2 пикир

2 пикир

  1. Мугалим

    03.11.2018 09:15

    Ооба, Лейлекте Гапыр агайдай,катылган сандыктын ичинде, «чыныгы мугалим» деген атка татыктуулар аз эмес.

  2. Жазгул

    06.11.2018 17:52

    Мен озгочо сыйлаймын эмгегин,ото адамгерчиликтуу,тарбиялуу жазган китептери.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Сурамжылоо

"С.Жээнбековдун штабынын шайлоодо короткон каражаты" деп жарыяланган маалыматты кандай кабыл алдыңыз?

Загрузка ... Загрузка ...

Copyright © 2017 Maral FM