Биз менен байланышыңыз

Бабанов саясатчылар үчүн керектүү болгон китепти атады

Кыска кабар | 24 Ноя 2020 | 677 | 0

Саясатчы Өмүрбек Бабанов аткаминерлерге жана ишкерлерге окуй турган китеп сунуштады. Ал Фейсбуктагы расмий баракчасы аркылуу чыгымдарды азайтуу жана сапатын жакшыртуу жолун үйрөткөн «Гемба Кайдзен» китебин окуп чыкканын айтты.

«Мага өзгөчө «муда» (жоготуу) деген сөзү жакты. МУДА – бул: кошумча нарк же баалуулук алып келбеген, жоготууларга алып келе турган нерсе. Өзгөрүүнү каалаган адам кошумча баалуулук алып келбеген нерседен арылышы керек. Мисалы азыр Конституцияны өзгөртүү маселеси талкууланып жатат. Чындыгында, биздин чиновниктердин көзү менен карасак, анда өлкөнүн өнүгүшү үчүн кошумча пайда алып келбеген депутаттардын саны МУДАга дал келет (кыскартылышы керек)», — дейт саясатчы.


Садыр Жапаров акыркы жолу кайсы китепти окуганын айтты


Бабанов ар бир аткаминер жана мамлекеттик мекемелер өз ишинде «Гемба Кайдзен» системасын колдонсо туура болот деген ойдо.

«Мамлекеттик ишканалардан айырмаланып, жеке компаниялар дайыма жакшырып, өркүндөп турат. Антпесе алар атаандашууга туруштук бере албай, базардан сүрүлүп чыгып калышат. Бирок эмне үчүн чиновниктер министрликтердин ишиндеги натыйжалуулукка өзгөчө көңүл бурушпайт? Эмне үчүн алар өз тармагын өркүндөтүү жолун ойлонушпайт? Эгер «Гемба Кайдзен» ыкмасын колдоно билишсе, анда өлкөнүн өнүгүүсүнө бут тосуп келген ашыкча бюрократияны көрүшмөк».

Саясатчы ашыкча чыгымдардан арылуу ыкмасын бажы тармагында да колдонууга чакырат.

Билл Гейтстен китеп окурманга 4 кеңеш

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM