Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров акыркы жолу кайсы китепти окуганын айтты

Кыска кабар | 12 Ноя 2020 | 853 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров азыркы учурда кайсы китепти окуп жатканын айтты.

Ал 12-ноябрдагы маалымат жыйынында «Марал» радиосунун кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып, акыркы убакытта «Эмне үчүн кээ бир өлкөлөр бай, кээ бирлери кедей?» деген китепти окуп жатканын айтты.

Бул китеп дүйнөлүк бестселлер. Анын авторлору — экономисттер Дарон Ажемоглу жана Жеймс Робинсон.

Анда бай жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн жасаган кадамдары, ага негиз болгон критерийлер тууралуу баяндалган. Ошондой эле өнүкпөй, коррупцияга баткан өлкөлөрдүн каталары тууралуу да экономикалык көз караш менен түшүндүрүлгөн.

Учурда президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров басма сөз жыйынын өткөрүүдө. Жапаров уюштурган басма сөз жыйынга 86 жалпыга маалымдоо каражатынан 150дөн ашуун журналист катышууда. Ар бир журналистке бирден гана суроо берүүгө  мүмкүнчүлү берилди. Буга чейинки президенттердин басма сөз жыйындары парламентте же өкмөт үйүндө өтүп келген. Садыр Жапаров ЖМКларга курган жыйынды Коомдук каналдын имаратында өткөрүүдө.

Жапаров израилдик лобби компаниясы менен кызматташуу боюнча маалыматка түшүндүрмө берди

Жапаров галстукту эмне үчүн такпаганын түшүндүрүп берди

Жапаров: Менин колумда болсо, Атамбаевди үй камагына чыгарып коймокмун

Жапаров Асрандиев жана анын билдирүүсү боюнча үн катты

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM