Биз менен байланышыңыз

Жапаров эмне үчүн галстук тагынбай турганын түшүндүрүп берди

Кыска кабар | 12 Ноя 2020 | 2827 | 0

Садыр Жапаров эмне үчүн галстук тагынбай жүргөнүн түшүндүрүп берди. Бул тууралуу ал журналисттер менен маалымат жыйын куруп жаткан учурда айтып өттү.

«Мен галстукту жөн эле таккым келбейт. Мен үчүн моюнду муунтуп турганы ыңгайсыз. Ошон үчүн такпайм. Мында эч кандай саясат жок. Мына кечээ көрдүңөр го, (күлүп) ШКУ жыйынында галстук тагынып отурдум. Башка өлкөлөрдүн алдында галстук тагынып отурууну туура деп эсептедим», — деген пикирин айтты Жапаров.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров буга чейин бардык расмий иш-чараларга галстугу жок катышып келген.

Садыр Жапаров бүгүн маалымат жыйын өткөрүүдө. Буга чейин ал Жетим-Тоо, бир тууган эжеси, чек ара кызматы тууралуу пикирлерин билдирген. Төмөндө толук окуй аласыздар:

Жапаров: Чек ара кызматы УКМКга кошулса, эч кандай зыяны тийбейт

Жапаров: Мурда инвесторду президентке жолуктуруу үчүн 50 миң $ сурагандар болуптур

Жапаров: Жетим-Тоодогу кендин сырьёсун Кытайга экспорттоону карап жатабыз

Жапаров эпидемиологиялык абалга карабай эл менен жолукканын түшүндүрдү

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM