Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Мурда инвесторду президентке жолуктуруу үчүн 50 миң $ сурагандар болуптур

Кыска кабар | 12 Ноя 2020 | 640 | 0

Бийлик инвесторлорду, чет өлкөлүк ишкерлерди коргоп берүүгө даяр. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров журналисттерге берген маалымат жыйынында айтты.

-Мага бир айдын ичинде 100 ишкер келди. Аларды элүүсү – чоң компаниялардын жетекчилери. Мурда аларды президентке жолуктуруу үчүн кол астындагылар акча сурап, бизнесин коргоп берүүнү убадалашчу экен. Керек болсо, мамлекет башчыга жолуктуруу үчүн 50 миң доллар сурагандары болуптур. Андан сырткары өз үлүшүн сурагандар да болуптур. Мен да бул тууралуу билип жүрчүмүн. Эми андай болбойт. Инвестор менен мамлекеттин ортосунда түз келишим болушу керек. Президент алмашса да, ал ишкер ишин уланта бере тургандай болушу керек, — деди Жапаров.

Эскерте кетсек, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров журналисттерге маалымат жыйын берүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM