Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Чек ара кызматы УКМКга кошулса, эч кандай зыяны тийбейт

Кыска кабар | 12 Ноя 2020 | 410 | 0

Чек ара кызматын УКМКнын карамагына кошуу боюнча президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өз пикирин билдирди.

«Биз чек ара кызматын УКМКга кошуу боюнча чечимди кабыл алдык. Мунун эч кандай зыяны тийбейт. Тескерисинче, чек арачылардын маянасы көтөрүлөт. Бул бюджетке 2-2,5 млрд сом чыгым алып келет. Бирок, КМШнын бардык өлкөлөрүндө чек ара УКМКнын карамагында экен. Мындан улам, биз ушундай чечимге келдик. Чек араларды тактоо жакын арада чечилет. Себеби буга чейин биздиин бийлик муну кечиктирип келген экен. Ошого биз ыкчам чара көрөбүз» — деп кошумчалап өттү.

Белгилей кетсек, Жапаров Баткен облусуна жасаган иш сапарында чек ара кызматын УКМКга өткөрөрүн айткан болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM