Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Жетим-Тоодогу кендин сырьёсун Кытайга экспорттоону карап жатабыз

Кыска кабар | 12 Ноя 2020 | 767 | 0

«Кытайдын карызын төлөө үчүн Жетим-Тоо кенин берет» деген сөз — ушак. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров маалымат жыйында айтты.

Басма сөз жыйында журналисттер Садыр Жапаровдон Нарындагы Жетим-Тоо кени тууралуу сурашты.

Садыр Жапаров: «Жетим-Тоону толук берип коет деген сөз — жалган. Буга чейин аталган кендеги сырьёну карыз төлөөгө колдонсо болот деген сөздөр болгон. Азыр да ошол сөз жүрүп жатат. Бирок, аны өзүбүз казып, экспорт кылууга аракет кылабыз. Казылган сырьёну эл аралык баада сатсак, өлкөгө жылына 1 млрд доллар түшөт деген божомолдор бар. Андан түшкөн каражатты бир эле Кытайдын эмес, башка тышкы карыздарга да колдонобуз», — деген жообун берди.

Белгилей кетсек, бүгүн президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров журналисттерге маалымат жыйын берүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM