Биз менен байланышыңыз

«Жаңы Конституцияны кошоматчы юристтер жазган»

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Ноя 2020 | 597 | 0

Саясат талдоочу, журналист Айданбек Акматов «Маралга» берген маегинде жаңы Башмыйзамдын долбоорунда социалдык, экономикалык маселеге жооптуу кызматкер көрсөтүлбөгөнүн сынга алды.

Анын пикиринде, жаңы Конституциянын долбоорун кошоматчы юристтер жазган, бул Башмыйзам элдин кызыкчылыгын коргоп, бийликтин тең салмактуулугун камсыз кылбайт.

2010-жылдан кийинки аралаш система кайра эле супер перзиденттик башкарууга алып келди. Ошондуктан же таза парламенттик, же болбосо таза президенттик башкарууга кадам таштоо кажет. Соттор — президенттик бийликтин куралы. Учурда президенттик аппарат сотторду каалагандай башкарып отурат.

«Эгерде реформа жасалса, аткаруу бийлигинин башында президент өзү турушу керек. Премьер-министрди дайындап, анан ага болгон жоопкерчиликти артып коюу туура эмес. 2010-жылы мыйзамдардын баары токтотулган. Ал эми 2020-жылдын 5-октябрындагы окуядан кийин Садыр Жапаров: «Мыйзамдар боюнча кетебиз», — деген. Учурда мыйзамдарды бузуп бара жатат. Мындай эки жүздүүлүккө жол бербөө зарыл. Айырмачылык ушунда», — деди Акматов.

Copyright © 2017 Maral FM