Биз менен байланышыңыз

Президенттикке талапкер Марат Кайыпов документтерин кайтарып алды

Кыска кабар | 22 Ноя 2020 | 647 | 0

21-ноябрда президенттикке талапкер Марат Кайыпов Борбордук шайлоо комиссиясына берген документтерин кайра кайтарып алуу үчүн арыз менен кайрылды. Бул тууралуу БШКнын Маалыматтык бөлүмү билдирди.

Ал 12-ноябрда президенттикке талапкерлигин көрсөткөн болчу.

Маалым болгондой, БШКга жалпы 65 жаран арыз берип, экөө кийинчерээк арызын кайтарып алган.

Алардын ичинен 62 адам талапкерликке өзүн-өзү сунуштаган, 1 жаран — Сазыкбай Турдумалиевди «Улутман» партиясы сунуштаган.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM