Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында 1-класстын окуучулары 30-ноябрдан баштап окуйт

Кыска кабар | 21 Ноя 2020 | 566 | 0

Бүгүн Ош шаарынын мэриясында шаардын вице-мэри Эмил Шадыханов жетектеген шаардык жарандык коргонуу штабынын жыйыны болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө шаардык мектептердин окуучуларын салттуу режимге өткөрүү маселеси каралды.

Ош шаарынын Саламаттыкты сактоо боюнча координатору Кыялбек Ташполотов, шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын өкүлдөрү учурдагы санитардык-эпидемиологиялык кырдаал боюнча маалымат берип, шаардын билим берүү башкармалыгы 1-класстын окуучуларын салттуу режимдеги окууга өткөрүүнү сунуш кылды.

Жыйынтыгында 30-ноябрдан баштап 1-класстын окуучуларына тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоо менен мектепке баруусуна уруксат берүү чечими кабыл алынды.  Ошондой эле менчик мектептер жана бала бакчалар бардык зарыл болгон санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузбаган шартта иштеп баштайт. Эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө тиешелүү адистер тарабынан жүргүзүлөт. Ал эми мамлекеттик бала бакчаларды ачууга уруксат берилген жок.

Ош шаарында 55 мамлекеттик мектеп жана 26 жеке менчик мектеп катталган. Аларда 77832 окуучу бар, 3277 мугалим иштейт.

Copyright © 2017 Maral FM