Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Төрт адам коронавирустан каза болду

Кыска кабар | 21 Ноя 2020 | 586 | 0

Кыргызстанда дагы төрт адам коронавирус илдетинен каза болду. Жалпы өлүм учурлары 1227ге жетти.

21-ноябрга карата 447 адам вирус жуктуруп алганы аныкталды. Алар:

  • Бишкек шаарында — 200;
  • Ош шаарында — 16;
  • Чүй облусунда – 86;
  • Ош облусунда — 25;
  • Талас облусунда — 20;
  • Нарын облусунда — 5;
  • Ысык-Көл облусунда – 49;
  • Жалал-Абад облусунда – 29;
  • Баткен облусунда — 17.

Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 69 миң 149ду түздү.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 505 адам сакайып, жалпы айыккандар 60 миң 294кө жетти.

Ал эми медициналык кызматкерлер арасында 19 жаңы учур катталып, 7 кызматкер айыкты.

COVID-19 вирусу 3806 медикке жугуп, анын 3532и сакайды.

Copyright © 2017 Maral FM