Кыргызстанда дагы төрт адам коронавирус илдетинен каза болду. Жалпы өлүм учурлары 1227ге жетти.
21-ноябрга карата 447 адам вирус жуктуруп алганы аныкталды. Алар:
- Бишкек шаарында — 200;
- Ош шаарында — 16;
- Чүй облусунда – 86;
- Ош облусунда — 25;
- Талас облусунда — 20;
- Нарын облусунда — 5;
- Ысык-Көл облусунда – 49;
- Жалал-Абад облусунда – 29;
- Баткен облусунда — 17.
Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 69 миң 149ду түздү.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 505 адам сакайып, жалпы айыккандар 60 миң 294кө жетти.
Ал эми медициналык кызматкерлер арасында 19 жаңы учур катталып, 7 кызматкер айыкты.
COVID-19 вирусу 3806 медикке жугуп, анын 3532и сакайды.