Биз менен байланышыңыз

Коронавирус илдетин кайрадан кимдер жуктуруп алуу коркунучунда турат?

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Ноя 2020 | 408 | 0

Орусиялык аллерголог-иммунолог Владимир Болибок кайсы категориядагы адамдар коронавирусту кайрадан жуктуруп алуусу мүмкүн экенин айтты.

Дарыгер  белгилегендей, COVID-19 менен ооруп айыккандардын арасынан  2-ирет ооруп калган учурлар чанда гана кездешет.

«Бирок, бул иммундук системаны алсыратуучу оор дартка чалдыккан, онокологиялык ооруга кептелген, иммунодепрессанттарды узак убакыт бою колдонгон адамдар үчүн кооптуу», — деп билдирет жергиликтүү басылмага берген маегинде.

Владимир Болибок ден соолугунда мындай көйгөйү жок адамдар үчүн кайрадан вирус жуктуруп алуу коркунучу жок экенин кошумчалады.

Дарыгер ошондой эле, COVID-19га каршы турушутук  бергендердин иммунитети кандайдыр бир деңгээлде көтөрүлгөнүн байкаган, бирок ооруп айыккан адам — вирусту сиптомсуз, узак убакыт бою ташып жүрүүчү болушу ыктымал экенин жана оорубаган адамдар үчүн кооптуу экенин белгилейт.

Copyright © 2017 Maral FM