Орусиялык аллерголог-иммунолог Владимир Болибок кайсы категориядагы адамдар коронавирусту кайрадан жуктуруп алуусу мүмкүн экенин айтты.
Дарыгер белгилегендей, COVID-19 менен ооруп айыккандардын арасынан 2-ирет ооруп калган учурлар чанда гана кездешет.
«Бирок, бул иммундук системаны алсыратуучу оор дартка чалдыккан, онокологиялык ооруга кептелген, иммунодепрессанттарды узак убакыт бою колдонгон адамдар үчүн кооптуу», — деп билдирет жергиликтүү басылмага берген маегинде.
Владимир Болибок ден соолугунда мындай көйгөйү жок адамдар үчүн кайрадан вирус жуктуруп алуу коркунучу жок экенин кошумчалады.
Дарыгер ошондой эле, COVID-19га каршы турушутук бергендердин иммунитети кандайдыр бир деңгээлде көтөрүлгөнүн байкаган, бирок ооруп айыккан адам — вирусту сиптомсуз, узак убакыт бою ташып жүрүүчү болушу ыктымал экенин жана оорубаган адамдар үчүн кооптуу экенин белгилейт.