Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Конституцияга каршылардын чыныгы жүзүн жакында ачам

Кыска кабар | 20 Ноя 2020 | 2628 | 0

Президенттин милдетин аткарган, өкмөт башчылык кызматын убактылуу тапшырган Садыр Жапаров Башмыйзамга каршы чыгып жаткандардын ана башында турган адамдын чыныгы жүзүн келе жаткан биринчи күнү ачарын айтты. Мындай билдирүү Жапаровдун Инстаграмдагы баракчасына жазылды.

Ал жаңы сунушталган Башмыйзамдын долбоору 2011-жылдан бери курултайчылар жана жалпы эл тарабынан сунушталып келе жатканын айтып, анча-мынча кемчиликтери гана толукталганын билдирди.

«Бул — бир кишинин же бир топтун кызыкчылыгын көздөгөн башмыйзам эмес, жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн баш мыйзам. Бул башмыйзамга каршы чыгып жаткандардын ана башында тургандын чыныгы жүзүн келе жаткан биринчи күнү ачам», — деди Жапаров.

Жапаров Башмыйзамдын жаңы вариантын сындагандарга жооп кайтарды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM