Биз менен байланышыңыз

Жапаров Башмыйзамдын жаңы вариантын сындагандарга жооп кайтарды

Кыска кабар | 19 Ноя 2020 | 4521 | 1

Президенттик кызматка талапкер Садыр Жапаров талкуу жараткан Конституция боюнча оюн билдирди.

Ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Конституциянын жаңы долборун талкуулоого активдүү катышууга чакырды.

Ал 2010-жылы кабыл алынган Конституция бир ууч адамдардын же бир кишинин пайдасы үчүн элдин укуктарын чектеп койгон деп эсептейт.

«Тактап айтканда, 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын 114-беренесинде Конституцияга өзөртүү киргизүү гана мүмкүнчүлүгү каралып, толуктоолорду киргизүүгө же жаңы редакцияны кабыл алууга бөгөт коюлуп калган. Муну менен Кыргызстандын өз алдынча эгемендүү мамлекет катары өнүгүп-өсүшүнө тоскоолдук жаралып калган», — деп айтылат кайрылууда.

Жапаровдун пикиринде, акыркы 10 жылда Кыргызстанды шоопурлар, жан сакчылар жана бир ууч адамдар башкарып келди. Алардын кесепетинен элдик толкундоолор келип чыкты.

Ал элдик добуш берүү менен жаңы Конституцияны кабыл алуу — артка чегинүү эмес экенин айтып, мамлекеттик маанилүү маселелерди чечүүдө элди катыштырууга шарт түзүү катары кабыл алууга чакырды.

«Мындан жыйырма эле күн мурда жаңыланууга каршы болгондор: «Кокуй эле кокуй, жабык эшик артында Башмыйзамды даярдап, элдин талкуусуна алып чыкпастан кабыл алганы жатышат», — деп кыйкырып чыгышты эле. Эми Башмыйзамдын долбоорун элдин талкуусуна алып чыкса, буга дагы каршы болуп, «Мыйзам бузуулар болуп жатат», — деп элибиздин башын айлантып, бут тосуп жатышат».

80 депутаттын демилгеси: Конституцияда эмнелерди өзгөртүү сунушталды? (түшүндүрмө)

17-ноябрда Жогорку Кеңештин 80 депутаты Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү үчүн мыйзам долбоорун демилгелеп, коомдук талкууга чыгарышты.

Жаңы жазылган мыйзам долбоордо эң көп Конституциянын III бөлүмү «Мамлекеттик бийликтин органдары» боюнча оңдоп-түзөөлөр сунушталууда.

Анда президенттин ыйгарым укуктары өзгөртүлгөн. Тагыраак айтканда, мамлекет башчы бир эле убакта аткаруу бийлигинин да башында турат.

Президент 5 жылдык мөөнөт менен 2 жолу шайланууга укуктуу. Ал ички жана тышкы саясаттын негизги багыттарын аныктайт.

Документке ылайык, президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле парламент депутаттарынын саны 90го кыскартылып, өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн.

Учурда Башмыйзамдын жаңы долбоору социалдык тармактарда талкуу жаратып жатат.

1 пикир

1 пикир

  1. Жумадил

    23.11.2020 13:44

    Озгортулуусун колдойм

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM