Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк 1,3 млн доллар сатты

Кыска кабар | 19 Ноя 2020 | 210 | 0

Улуттук банк ноябрь айынын эсебинен төртүнчү интервенциясын өткөрдү. Мекеменин маалыматына караганда, 18-ноябрда 1,3 млн доллар сатылды.

Ал эми 17-ноябрь күнү Улуттук банк 500 миң доллар сатып, жыл ичиндеги эң төмөн интервенцияны өткөргөн.

Улуттук валютанын курсун туруктуу кармоо максатында ноябрь айында жалпы 52 млн доллар сатылды.

Быйыл жалпысынан 397, 7 млн доллар сатылган.

19-ноябрга карата доллардын расмий курсу 84 сом 77 тыйын болуп, бир сутка ичинде 0,03% төмөндөгөн.

Акча алмаштыруучу жайларда жана коммерциялык банктарда 84 сом 50 тыйындан сатып алынып, 84 сом 90 тыйындан сатылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM